Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Министр менен мэр окуучу кол көтөргөн мугалимден кабар алышты

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева менен Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаардагы №83 мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими, окуучусу сабагандан кийин ооруканада жаткан Болатхан Карибжановдон кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
“Мэр менен министрдин жолугушуусунда окуучулар арасындагы агрессияны азайтуу, ушундай окуялардын алдын алуу үчүн ата-энелер менен кеңейтилген жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды. Тараптар ошондой эле коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана билим берүү мекемелеринде видеобайкоо системаларын кеңейтүүнү макулдашты. Айбек Жунушалиев мэрия 2025-жылы борбор калаанын мектептеринде видеобайкоо системаларын орнотуу жана жаңылоо үчүн 160 миллион сом бөлгөнүн белгиледи”,-деп жазылган маалыматта.
Аталган мектепте 69 жаштагы мугалимге 16 жаштагы окуучунун кол көтөргөнү белгилүү болгон. Шаардык милиция тергөөгө чейинки териштирүү башталганын билдирген.
Ага ылайык, 16-февралда саат 11:30 чамасында милициянын 102 номуруна шаардагы мектептердин биринде мугалим менен окуучу чатакташып, кол көтөрүүгө чейин жеткени тууралуу маалымат түшкөн.

"Окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат ырасталды. Текшерүү учурунда мугалим окуучунун үстүнөн чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Окуучу медициналык жардам сурап, ооруканага кайрылды. Бул фактыга байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет ", - деп жазылган маалыматта.

Мектепте мугалимдер балдарга кол көтөргөн же окуучулар мугалимге акарат келтиргени айтылган окуялар акыркы убактарда арбын катталып келет. Жыл башында Бишкектеги мектептердин биринде окуучуну сабаганы айтылган мугалим коомчулуктан кечирим сураган. Көп өтпөй ал кызматынан алынган.
Жети-Өгүз районунда дене тарбия сабагынын мугалими сабак учурунда өспүрүм балдарга кол көтөрүп "тарбиялап" жатканы тартылган тасма интернетке тараган соң мугалим балдардын ата-энелеринен кечирим сураган.

Агартуу министрлиги жакында мугалимге орой мамиле кылган, шылдыңдаган, акарат келтирген окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *