Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкектин четиндеги мөмө бак сакталып калды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин чечими менен шаардын чыгыш тарабындагы мөмө бактын орду унаа жүрүүчү магистралга алынбай, сакталып калды. Бул тууралуу бактын ээси - белгилүү окумуштуу, журналист Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады.
Анын айтымында, мэр Айбек Жунушалиев 24-февраль күнү тиешелүү кызматкерлери менен чогуу келип, жол салынат делген жерлер менен таанышкан соң жолду бактын четинен салуу сунушун киргизди.

"Эң башкысы бакты талкалабай, жолду анын четинен салуу сунушун киргизди. Кечээ мэриянын имаратында беш саатка жакын күтүп, жолуга албаган Айбек мырза бүгүн күтүүсүз бакка келип, маселени жеринде чечип кетишине өзгөчө ыраазы болдук. Эң башкы алкыштарды бактын сакталып калышын колдогондорго, аны коомчулукка жеткирген 7-каналга, жашыл экономиканы өнүктүрүү демилгесин көтөргөн, колдогон мамбашчыбыз Садыр Нургожо уулуна билдиребиз. Чындыгында маселени жеринде адилеттүү чечип, жыйынтыгын мага билдир деп мэрге тапшырма берген президент экенин Дайырбек Орунбеков иним жашыра алган жок", - деп жазды ал.

Кыяс Молдокасымов ага чейин бул мөмө бакты өстүрүүгө 20 жылдык мээнети кеткенин, жаңы жолду эскисинин орду менен куруп кетсе болорун айтып, журналисттерге кайрылган. Ал чакан багы, атайын эсептөө боюнча, жылына 22 млн 250 миң кубдай кычкылтек чыгарарын айткан.
Бишкекте акыркы жылдары жолдорду кеңейтүү, көп кабаттуу турак жайларды куруу жана башка себептер менен бак-дарактар арбын кыйылып жатканына тургундардын нааразылыгы көп айтылып келет. Экологдор Бишкек жыл өткөн сайын ышка көмүлүп баратканын, адам өмүрүнө кооптуу шаарга айланып бара жатканын тынчсыздануу менен белгилешет.
Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганыч шаарлардын сап башына утур-утур чыгып турат. Эки апта мурун Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдык индексти (AQI) 324 деп берди. 19-20-январда түнкүсүн бул көрсөткүч 700дөн ашып, ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашкан.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *