Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ санкциялык тизмеге өзбекстандык жана орусиялык жарандарды кошту

Кошмо Штаттар төрт адамды жана үч компанияны санкциялык тизмеге кошту. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигине караштуу Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) жарыялады.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, алар кибермейкиндиктеги ишмердигине байланыштуу "кара тизмеге" илиништи. Анткени алардын бул иш-аракеттери АКШнын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына зыян келтирип жаткан.

Америкалык атайын кызматтардын версиясы боюнча, тизмеге киргизилгендер программалык камсыздоодогу техникалык жактан аярлуу жерлерин таап алып, бул маалыматты хакердик максатта башка тараптарга сатуу менен алектенишкен.

Санкциялык тизмеге Өзбекстандын жараны Азизжон Мамашаев киргизилди. Ал Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан Advance Security Solutions компаниясынын негиздөөчүсү болуп саналат. Бул компания жана Орусиядагы «Матрица» ишканасы жана БАЭдеги Special Technology Services фирмасы да санкциялык тизмеге кошулду.

Мындан тышкары, Санкт-Петербургда жайгашкан «Матрикс» (Operation Zero / OpZero деп да аталат) компаниясынын жетекчиси Сергей Зеленюк да тизмеге киргизилди.

The Insider басылмасы жазгандай, компания Telegram мессенжериндеги аярлуу жерлер тууралуу маалымат үчүн сыйлык жарыялаган.

Telegram аккаунтун бузууга мүмкүнчүлүк берген толук чынжыр үчүн компания 4 млн долларга чейин төлөөгө даяр болгон.

АКШда Зеленюк Америка өкмөтүнө таандык кеминде сегиз киберкуралды (алар америкалык компаниядан уурдалган деп айтылууда) сатып алып, кайра саткан деп айыпталууда.

Ошондой эле тизмеге Зеленюк менен кызматташкан Олег Кучеров жана Марина Васанович деген орусиялыктар киргизилди.

Буга чейин санкциялык тизмелерди кеңейткенин Британия жана Канада да жарыялаган. Жаңы чектөөлөргө тогуз орусиялык банк, «Росатомдун» үч түзүмү, «Транснефть» компаниясы жана суюлтулган газ өндүргөн бир нече ишкана да кабылды.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *