Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Сурабалдиева мыйзамсыздыкка кабылганын айтып кайрылгандар көбөйгөнүн билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өлкөдөгү соңку саясий окуялардан кийин анын дарегине мурда мыйзамсыздыкка кабылганын айтып кайрылгандар көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 26-февралдагы отурумунда айтты.

"Шайлоодо коркутуу болуп, четтетип коюшту дейт. "Оокатымды мыйзамсыз тартып алып, бул мамлекетке дешти, бирок иш жүзүндө андай эмес экен" дейт. Коркутуп-үркүтүү көп болду дейт, кайсы жактан маселе болуп жатканын сиздер түшүнүп жатасыздар да. Акыркысы 1 миллиард сомго байланыштуу камалган Токмок шаарынын мурдагы мэринин апасы кайрылып жатат. Ал "Жүрүп жаткан иш-чарага бизди жолотушпайт, эмне болуп жатканы жөнүндө ачык маалымат жок" дейт", - деди Сурабалдиева.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканы үчүн ачык маалымат берилбей турганын, депутаттын өзүнө кат түрүндө билдирерин тактады.

Депутат анын дарегине кайрылгандардын иши кайра каралып-каралбасына кызыкты.

Коңкубаева мыйзамсыздыкка кабылдым деген жарандар Башкы прокуратурага кайрылса арыздары сөзсүз каралып, чара көрүлөрүн билдирди.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Ушул окуялардан кийин учурунда мыйзамсыздыкка кабылганын айтып, бийликке кайрылуу жолдогондор болууда. Жергиликтүү басылмалар УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча ишкерлерден, мамлекеттик кызматта иштегендерден 500дөй арыз түшкөнүн жазып чыкты. Башкы прокуратура арыздар бар экенин ырастап, бирок санын тактаган эмес.

Ушул тапта Аскер прокуратурасы УКМК кызматкерлеринин үстүнөн бир нече териштирүү жүргүзүп жатканы айтылды.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *