Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алты жашар кыздын сан сөөгү сынган окуядагы машыктыруучу эркиндикке чыгарылды

Көркөм гимнастика боюнча машыктыруучунун иши боюнча тараптар элдешип, 26-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Аскарова Назмини боштондукка чыгарды.

Өткөн жылы 24-декабрда көркөм гимнастика боюнча ийрим маалында Назми Аскарова алты жашар кыздын бутун чоюп жатып, сан сөөгүн сындырып алган. Сынган сөөк жылышып кетип, аны калыбына келтирүү үчүн эки жолу операция жасалган.

«Балам бүгүнкү күнгө чейин гипс менен төшөктө жатат. Такыр кыймылдабайт. Ал аябай кыйналып жатат. Күн сайын кыйналып ыйлайт. Уктай албайт, анткени бүт денеси талыйт. Бир абалда уктай албай, ойгонуп, кыйналып, ыйлайт. Активдүү бала үчүн эки ай кыймылсыз жатуу өтө кыйын», - дейт кыздын апасы Малика Асанбаева.

Малика Асанбаева жарым жылдан соң үчүнчү операция күтүлүп жатканын кошумчалады.

Кыздын ата-энеси милицияга арызын 27-январда жазышкан. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш ишин козгоп, машыктыруучу Назми Аскарова 19-февралда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

25-февралда тергөөчү иш материалдарын кайра карап чыгып, айыпталуучунун жактоочусунун өтүнүчүнүн негизинде кылмыш ишин Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинен 134-беренесине (Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) алмаштырган. Тергөө Аскарова Назми баланын сөөгүн атайылап сындырбаганын, окуя кадимки машыгуу учурунда болгонун белгилеген.

«Ошол эле күнү кечинде жабыркаган тарап менен Аскарова Назми адвокаттардын катышуусунда элдешип, тиешелүү макулдашууга кол коюшту», - деди Аскарованын жактоочусу Рустам Абдурауфов.

Абдурауфовдун айтымында, кылмыш иши жабылды.

Бул окуя тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарап, коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *