Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ИИМ Бишкекте маңзат даярдалчу лаборатория жок кылынганын билдирди

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 20 жаштагы Д.Г. аттуу жарандан суюктук куюлган шприц табылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Атайын жүргүзүлгөн экспертиза алынган суюктук каннабис майы экенин аныктады.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү суюктукту Алексей аттуу таанышынан алганын билдирген. 31 жаштагы Алексей баңгизат даярдаган мыйзамсыз лаборатория иштетип жүргөнү аныкталган.

"Шектүүлөр батирди баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо үчүн лаборатория катары жабдып, өндүрүү жана андан ары таратуу үчүн притон уюштурушкан", - деп маалымдады ШИИБдин басма сөз кызматы.

Шектүүлөр жашаган жерден жалпы салмагы 3 кг 739 г болгон каннабис майы табылып алынган.

Ошондой эле бул кылмыш ишинин алкагында шектүүлөр баңгизат таратуу үчүн колдонулган Telegram канал аныкталып, жоюлду.

Кармалгандар ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек милициясы баңгизат каражаттары мыйзамсыз сатылганы тууралуу маалыматтарды ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырып, бул коомдук коопсуздукту камсыздоого жана жарандардын ден соолугун коргоого өбөлгө түзөрүн эскертүүдө.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен бирге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 килограмм метамфетамин алынганы кабарланган. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *