Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК: Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш иши алкагында беш киши кармалды

УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында жалпы беш адам камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына жана шаардын тергөө абагына (СИЗО-1) камалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы 27-февралда кабарлады.

Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогон.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча УКМК ички иликтөө жүргүзүп, алты адам атайын кызмат системасынан кетирилди, дагы алтоо ээлеген кызматынан бошотулду. Сегиз кызматкер тартип жазасына тартылды.

УКМК тараткан маалыматта Жакыпбеков баштаган адамдар баюу максатында туруктуу коррупциялык топ түзгөнү айтылды.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды.

Ушул окуялардан кийин учурунда УКМКнын кызматкерлеринен кордук көргөнүн айткандар, бийликке кайрылуу жолдогондор болууда.

Жергиликтүү басылмалар УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча ишкерлерден, мамлекеттик кызматта иштегендерден 500дөй арыз түшкөнүн жазып чыкты. Башкы прокуратура арыздар бар экенин ырастап, бирок санын тактаган жок.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *