Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ирандын коопсуздук кеңешинин төрагасы өз өлкөсү АКШ менен сүйлөшпөй турганын айтты

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Ларижани Тегеран Вашингтон менен “сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын” айтты. Бул тууралуу ал X социалдык тармагына жазды.

«Бүгүн Иран эли өзүн коргоп жатат», — деп кошумчалады ал.

Буга чейин Трамп өзүнө таандык Truth Social платформасына жарыяланган алты мүнөттүк видеодо Иранга каршы согуш төрт жумага созулушу мүмкүн экенин билдирген. Ошол эле учурда ал Тегеранда бийликте калган жетекчилер менен мындан аркы сүйлөшүүлөр үчүн мүмкүнчүлүк ачык бойдон каларын да ишара кылган.

Дональд Трамп Ирандын коопсуздук түзүмдөрүнүн жетекчилерине, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусуна, куралдуу күчтөргө жана полицияга «куралыңарды таштагыла» деп эскерткен.

Ал Иран армиясынын аман калган көптөгөн командирлери «миңдеп телефон чалып жатышканын» кошумчалап, бирок бул боюнча кеңири маалымат берген жок.

«Алар сүйлөшкүсү келип жатат, бирок мен аларга өткөн жумада сүйлөшүшүңөр керек эле, бул жумада эмес дедим», — деди Трамп 1-мартта Daily Mail басылмасына берген маегинде.

Али Ларижани Ирандын жогорку лидери дайындалганга чейин өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлгөнүн билдирди.

Кийинчерээк бул кеңештин курамына диний чөйрөдө узак жылдардан бери таасирдүү орун ээлеп келген Алиреза Арафи, ошондой эле президент Масуд Пезешкиан жана катаал позициясы менен белгилүү сот бийлигинин башчысы Голамхосейн Мохсени-Эжеи киргизилди.

Жаңы жогорку лидерди шайлоо үчүн 88 мүчөдөн турган Эксперттер жыйыны чогулганга чейин өлкөнү дал ушул кеңеш башкарат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *