Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркмөнстан Иран менен чек ара бекеттеринин дээрлик баарын жапты

Түркмөнстан Иран менен болгон үч расмий чек ара бекетин жапты.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Серахс өткөрмө бекети гана дипломаттар үчүн иштеп жатат. Ошондой эле бул бекет аркылуу башка өлкөлөр Ирандагы өз жарандарын түркмөн бийлиги менен алдын ала макулдашып, уруксат алып чыгарып кетип жатышат.

Башка бардык бекеттер, анын ичинде Бажгиран жана Артык толугу менен жабылды.

Тажикстандын Ирандагы элчиси Низомиддин Зохиди «Азаттык» радиосунун тажик кызматына 2-мартта болжол менен 50 адам Серахс аркылуу Ирандан Түркмөнстанга өтөрү күтүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, кайрылгандардын саны өсүп жаткандыктан, элчилик кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатышат. Ошондой «ишеним телефондору» жарыяланып, Иран бийлиги жарандарды чек арага жеткирүүдө.

Кытай элчилиги да Серахс аркылуу чектелген тартипте өтүү Кытай жарандары үчүн алдын ала уруксат менен мүмкүн экенин ырастады.

Иран боюнча АКШнын Виртуалдык элчилиги буга чейин америкалык жарандар Түркмөнстан өкмөтүнөн атайын уруксат алышы керек экенин билдирген. АКШнын Ашхабаддагы элчилиги уруксат алуу процессине көмөк көрсөтөт.

Түркмөн чек ара кызматкерлеринин айрымдары «Азаттыкка» жогорку даярдыкта турушканын жана качкындардын агымы болушу мүмкүн деген кооптонуу бар экенин айтышкан. Алар жетекчиликтен так көрсөтмө жок экенин жана көп кишини өткөрүүгө даяр эместигин белгилешкен. Өзгөчө Каспий деңизи аркылуу мыйзамсыз өтүү аракеттери болушу мүмкүн деген тынчсыздануу бар.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *