Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Министрлик Кыргызстанда шарп ылаңы катталганын ырастап, абал туруктуу экенин билдирди

Кыргызстандын айрым аймактарында шарп ылаңы катталганы менен өлкө боюнча эпизоотиялык абал туруктуу.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын зоо эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын инспектору Кемелбек Абдылүсөнов “Азаттыкка” 3-мартта билдирди.

Ал бардык райондорго вакцина жеткирилип, ылаң аныкталган жерлерде ветеринарлар эмдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

“Шарптын жаңы түрлөрү Европанын беш-алты мамлекетинде пайда болуп, Азербайжанга өткөн. Ал жерде ылаң жайылып, Казакстанга да тараган. Учурда Азербайжан менен Казакстанда бул ылаңды жугузган мал катталып жатат. Ошолордон бизге да бирин-серин келиптир. Биз ошол замат эле көзөмөлгө алдык”, - деди Абдылүсөнов.

Ал шарптын айынан сүттү кайра иштеткен компаниялардын иши үзгүлтүккө учурады деген маалымат боюнча да комментарий берип, бул мал фермаларынын эмдөөдөн кийинки тыныгуусуна байланыштуу болушу мүмкүн деди. Шарпка каршы эмделген уйлардын сүтүн 21 күнгө чейин кайра иштетүүгө болбой турганын түшүндүрдү.

Буга чейин социалдык тармактарда айрым компаниялардын сүт азыктары соода борборлорунда сатылбай жатканын айтып чыккандар болгон.

Ылаңдаган мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлакчалар пайда болот, ал бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус ылаңдаган малдын заңы, заарасы, шилекейи жана сүтү менен сыртка бөлүнүп чыгат. Кишиге ылаңдаган малдан, чийки сүтүнөн жана андан даярдалган сүт азыктарынынан жугат. (ST/TAb)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *