Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Мавлянова ЕАЭБ алкагында парламент түзүү зарылдыгы тууралуу айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичинде кыргызстандык ишкерлердин укугу корголбой калып жатканын, мындан улам уюмдун алкагында парламент түзүү муктаждыгы бышып жетилгенин белгиледи. Бул маселени ал 2-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү.

Депутат Евразия экономикалык комиссиясынын түзүмүндө Кыргызстандын квотасы менен барган кызматкерлердин жоопкерчилиги тууралуу да сөз кылды.

“Европа Биримдигинин алкагында ар бир өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн европарламент түзүлгөн. ЕАЭБ дагы көп убакыт иштейт деген стратегиялык пландар болсо, анда ушундай парламентти түзүүнүн убактысы келдиби дейм. Анткени биздин бизнес тараптагылардын укугун талашкан эч ким жок”, - деди Мавлянова.

Ал Кыргызстан бул уюмга элге пайдалуу болсун деп киргени менен мүчө кайра кыйынчылык жаралып жатат деген пикирин кошумчалады.

Депутат Исманали Жороев да ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында “теңсиздик бар экенин” белгилеп, Кыргызстандын ишкерлеринин көйгөйлөрү чечилбей жатканын айтты. Ал уюм ичинде жүк ташуудагы тоскоолдуктар дагы эле бар экенине көңүл бурду.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов кыргыз өкмөтү уюмдун алкагында өз таламын талаша аларын, талаптар сакталбаган учурда комиссиянын жыйынында маселе көтөрүп келатканын билдирди.

“Бирок Орусия менен Казакстанда чек арадан өткөн жүктөрдү ички көйгөйлөр үчүн тосуп жатышат. Алар ЕАЭБдин принциптерин бузса, биз каттарды даярдап, комиссияга жолдойбуз. Атайын комиссиянын алкагында мындай учурларды тоскоолдук катары карап, көтөрөбүз. Ал “тоскоолдук” деп кабыл алына турган болсо, тараптар мындай көйгөйдү чечиши керек”, - деди Ахматов.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган. Уюмга мүчө өлкөлөр арасында төрт эркиндик - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү кепилденери айтылган.

Бирок чек арадан жүк алып өтүүдө кезек күтүү утур-утур пайда болуп, кыргызстандык ишкерлер Казакстан менен Орусия кошумча талаптарды коёт деп даттанып келет. Мындан тышкары Орусияда миграциялык талаптар катаалдап, анын айынан уюмга мүчө Кыргызстандын жарандары да кыйынчылыкка туш болгонун айтышат. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет айтылып, Орусия ЕАЭБдин талаптарын сактабай жатат деп сынга алынган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *