Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

HRANA: Соңку бир суткада Иранга 100дөн ашуун чабуул болду

24 сааттын ичинде Ирандын 19 провинциясына кеминде 104 чабуул жасалып, анын натыйжасында 31 адам каза болду. Бул тууралуу 3-мартта Ирандагы Адам укуктары боюнча активисттердин жаңылыктар агенттиги (HRANA) билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, соккулардан 15 жай тургун жана 12 аскер кызматкери набыт болгон. Дагы бир нече адамдын өлүмү такталып жатат.

28-февралда жаңжал башталгандан бери HRANA жалпы 1097 жай тургундун өлүмүн жана 5 402 адам жаракат алганын каттады. Жабыркагандардын арасында балдар да бар.

Уюм ошондой эле өлкө боюнча аскердик базаларга, медициналык мекемелерге жана карапайым тургундар жашаган райондорго соккулар урулганын билдирди.

HRANA - баш кеңсеси Америкада жайгашкан “Ирандагы Адам укуктары боюнча активисттер” аттуу укук коргоо уюмунун кабар агенттиги.

Ал адам укуктарынын бузулушу жана кагылышуулардын кесепеттери тууралуу маалыматтарды жергиликтүү булактар жана ачык булактар аркылуу текшерип, мониторинг жүргүзүп келет.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир катар ракеталык объектилер жана аскердик инфраструктура бутага алынууда.

Иран жооп иретинде Перс булуңундагы бир нече мамлекеттеги АКШ аскер базаларына ракеталык сокку уруп жатат. Мунун натыйжасында жаңжал Израил–Иран тирешинен кеңири аймактык согушка айланып кетүү коркунучун жаратты.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *