Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алиев Азербайжанга жасалган дрон чабуулун «террордук аракетке» теңеди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Нахичевань аймагына жасалган дрон чабуулду "террордук аракетке" теңеди.

«Иран бийлиги Азербайжан тарапка түшүндүрмө бериши керек. Расмий кечирим суралышы зарыл жана бул террордук аракетке катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек», — деди Алиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 5-мартта учкучсуз аппараттардын бири Нахичевань аэропортуна тийип, имаратка зыян келтирген. Экинчи дрон Шекерабад аймагындагы мектептин жанында кулаган.

Мекеме бул чабуулду айыптап, ал аймактагы чыңалууну күчөтөрүн билдирди.

Окуяга байланыштуу Ирандын Азербайжандагы элчиси Баку шаарындагы министрликке чакырылып, түшүндүрмө берүүгө милдеттендирилди.

«Азербайжан жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырат», — деп билдирди министрлик.

Азербайжан Израилге мунай жеткирген негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ал эми Израил көп жылдан бери Баку үчүн негизги коргонуу өнөктөштөрүнүн бири болуп келет. Көпчүлүк азербайжандыктар Израилди ишенимдүү өнөктөш катары көрүшөт. Анткени Тоолуу Карабак аймагын Армениядан кайра кайтарып алуу кампаниясы учурунда Израил Азербайжанга маанилүү аскердик жабдууларды берген деп эсептелет.

Израил менен соода жана коргонуу тармагындагы байланыштарына карабастан, Азербайжан бийлиги өлкөнүн аймагы же аба мейкиндиги коңшу Иранга же башка мамлекеттерге каршы аскердик операция жүргүзүү үчүн колдонулбай турганын бир нече жолу билдирген.

Европада жашаган көз карандысыз талдоочу Рауф Миргадиров Эркин Европа/Азаттык радиосуна берген маегинде бул окуяны ар башкача түшүндүрүүгө болорун айтты.

«Нахичевань аэропортуна жасалган бул дрон чабуулу же кокустук болушу мүмкүн, же болбосо аймактагы чыңалуу күчөп жатканынан кабар бериши ыктымал», — деди ал.

Анын айтымында, азыркы учурда Ирандын Азербайжанга сокку уруусуна чоң негиз жок. Ал ошондой эле Иранда миллиондогон азербайжандар жашарын белгиледи.

«Тегеран аларды нааразы кылууну каалабайт», — деп кошумчалады Миргадиров.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *