Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркия НАТО Ирандан учурулган экинчи ракетаны атып түшүргөнүн билдирди

Түркия 9-мартта билдиргендей, НАТОнун абадан коргонуу системасы Ирандан учурулуп, Түркиянын аба мейкиндигине кирген экинчи баллистикалык ракетаны атып түшүрдү. Анкара өлкө аймагына коркунуч жаралса, бардык зарыл чаралар көрүлөрүн эскертти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Бул акыркы бир жуманын ичинде Түркиянын түштүк аймагын көздөй учурулган экинчи ирандык баллистикалык ракета болуп калды. Түркия НАТОго мүчө мамлекет жана Ирандын коңшусу. Анкара 7-мартта Тегеранды мындай чабуулдарды токтотууга чакырган, бирок азырынча альянстын мүчөлөрүнөн кошумча коргоо суроого кажет жок экенин билдирген.

Министрлик ракетанын айрым бөлүктөрү Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп провинциясына түшкөнүн, бирок жабыркагандар жок экенин маалымдады.

Ракета кайсы багытка учуп баратканы белгисиз бойдон калды. Ал Жер Ортолук деңизинде жайгашкан НАТО коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөн.

Түркиянын түштүгүндөгү Инжирлик авиабазасында АКШнын аба күчтөрү жайгашкан. Ал эми өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Малатья провинциясында НАТОго таандык радар базасы бар. Бул объект альянстын коргонуу системасы үчүн маанилүү болуп эсептелет. Түркия ракетанын сыныктары дал ушул аймактардын ортосунда жайгашкан Газиантептеги ээн талаага түшкөнүн билдирди.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын коммуникациялар боюнча директору Бурханеттин Дуран Анкара бардык тараптарды, айрыкча Иранды, аймактык туруктуулукка жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан аракеттерден алыс болууга чакырганын айтты.

Анкара АКШ Израил менен бирге Иранга каршы аба соккуларында Инжирлик базасын колдонгон эмес деп билдирген. Бул чабуулдардан кийин Тегеран ракета жана дрон чабуулдарын баштаган.

Иран бул окуя боюнча дароо комментарий берген жок, бирок буга чейин аймактагы мамлекеттер менен согушууга ниети жок экенин жана Түркияны атайылап бутага албаганын бир нече жолу билдирген.

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болууга аракет кылган Түркия буга чейин азырынча НАТО келишиминин 4-беренесин ишке киргизүү ниети жок экенин айткан. Бул берене альянс мүчөсү коркунучка туш болгондо союздаштарды кеңешмеге чакырууну карайт.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *