Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Иран операциясы жакында аяктарын, аятолла шайлоонун жыйынтыгына ыраазы эместигин билдирди

АКШ президенти Дональд Трапм өткөн айдын соңунда Иранга каршы башталган аскердик операция "чукул арада" аягына чыгарын билдирип, Иран Жакынкы Чыгышка мунай ташууга жолтоо болчу болсо "дагы катуураак чабуулга кабыларын" убада кылды.

Трамп бул тууралуу 9-март күнү, Тегеран Израилге жана Перс булуңундагы бир катар араб өлкөлөрүнө дрон менен чабуул койгондон жана Можтаба Хаменеи атасы маркум Али Хаменеинин ордуна жогорку лидер болору белгилүү болгондон кийин билдирди.

"Биздин жеңиштерибиз абдан ынанымдуу. Биз графиктен алда канча алдыдабыз", - деди Трамп Флоридадагы маалымат жыйынында.

"Бул чукул арада бүтөт", - деген Трамп ушул аптада бүтүшү ыктымалдыгы тууралуу суроого андай эместигин айтып, "жакында, чукул арада" деп жооп берди.

"Мен террордук режимге бүт дүйнөнү барымтада кармоого жана мунайды тынч жол менен сатууга тоскоол болушуна жол бербейм. Эгер Иран бул багытта кандайдыр бир аракет көрчү болсо, анда ал дагы катуураак, катуураак жабыркайт", - деди Трамп.

АКШ лидери CBS телеканалына курган маегинде Ирандын жаңы аятолласы Можтаба Хаменеинин ордуна өзүнүн талапкери бардыгын билдиргенин, бирок анын тек-жайын атоодон баш тартканын телеканалдын журналисти X соцтармагына жазды.

Буга чейин Трамп башка маалымат каражаттарына "Ирандын жогорку лидерлигин Хаменеиге берүү чечимине "канааттанбаганын" билдирип, муну "чоң ката" деп атаган.

Бул аралыкта АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иранды Жакынкы Чыгышка сокку уруп, "дүйнөнү барымтада кармоого аракеттенген" деп айыптады жана АКШнын Тегерандын бардык мүмкүнчүлүктөрүн токтотууга багытталган аскердик операциясы план боюнча баратканын билдирди.

Тегерандын коңшуларына кезектеги чабуулунун мисалы катары НАТО Түркиянын аба аймагынан 28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштагандан бери экинчи ирет баллистикалык ракета атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

"НАТО Түркияга багытталган ракетаны дагы атып түшүрдү. НАТО өз союздаштарын кандай гана коркунуч болбосун, коргоого даяр", - деп жазылды 9-мартта альянстын соцтармактагы баракчасына.

Түркиянын Коргоо министрлиги маалыматты ырастап, ракетанын айрым бөлүктөрү Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп провинциясына түшкөнүн, жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Түркия НАТОго мүчө мамлекет жана Ирандын коңшусу. Анкара 7-мартта Тегеранды мындай чабуулдарды токтотууга чакырган, азырынча альянстын мүчөлөрүнөн кошумча коргоо суроого кажет жок экенин билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *