"Журналисттерди коргоо комитети" Жогорку соттун Тажибек кызы боюнча чечимин кубаттады
"Журналисттерди коргоо комитети" (Committee to Protect Journalists, CPJ) Кыргызстандын Жогорку сотунун эркин журналисттик иликтөө менен алектенген кабарчы, Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы боюнча чечимин кубаттады. Бул тууралуу уюмдун X соцтармагындагы баракчасына жарыяланды.
"Биз Жогорку соттун Темиров LIVE долбоорунун журналисти Махабат Тажибек кызына чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгаруу чечимин кубаттайбыз. Бул сөз эркиндигин коргоо жана адилеттик багытына жасалган маанилүү кадам", - деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азиядагы өкүлү Гүлноза Саид.
CPJ ошондой эле журналист Махабат Тажибек кызынын иши эле аралык коомчулуктун көңүлүн бурганын, укук коргоочу уюмдар Кыргызстандын бийлигин ага чыгарылган өкүмдү карап чыгууга бир нече жолу чакырганын белгиледи.
Уюмдун билдирүүсүндө Жогорку соттун чечими иштин адилеттүү каралышына үмүт берери белгиленди. CPJ кыргыз бийлигин өлкөдө сөз эркиндигин коргоого жана эркин журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.
10-мартта Жогорку сот Махабат Тажибек кызына карата буга чейинки чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган жана кайра башынан кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.
Эки жылдан бери абакта отурган Махабат Тажибек кызы менен Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун өспүрүм уулу азыр таенесинин колунда.
34 жаштагы журналист сотто чегерилген алты жылдык жаза мөөнөтүн Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагында өтөп жатат. (ZKo)