Орусия "Медузанын" журналисти Дмитрий Кузнецти 2,5 жылга сыртынан соттоду
"Медуза" басылмасынын аскердик эксперти Дмитрий Кузнец "жагымсыз уюмдун" ишмердигине катышканы үчүн сот чечими менен сыртынан 2,5 жылга эркиндигинен ажыратылды. Сот ошондой эле анын сайтты жетектөө укугунан беш жылга ажыратты.
Москванын прокуратурасы шейшембиде маалымдагандай, кылмыш иши Никулин район аралык прокуратурасынын текшерүүсүнүн натыйжасында козголгон жана камакка алуу чарасы айыпталуучунун катышысыз каралган.
Поводом для преследования стали шесть аудиозаписей в соцсетях "Медузы" с участием Кузнеца, в которых он, как отметили в прокуратуре, "осуществляет распространение информационных материалов, затрагивающих различные события, происходящие на территории Российской Федерации".
Айыптоого "Медузанын" соцтармактарга тараган Кузнецтин катышуусундагы алты аудиожазуу негиз болгон. Аларда, прокуратура белгилегендей, Кузнец "Орусиянын аймагындагы түрдүү окуяларга тиешелүү маалыматтык материалдарды таратуу менен алектенери" аныкталган.
Басылманын маалыматына караганда, Дмитрий Кузнец чет өлкөдө.
2023-жылы январда Орусиянын Башкы прокуратурасы "Медуза" басылмасын "жагымсыз уюм" деп жарыялаган, чечимин басылманын ишмердиги "өлкөнүн коопсуздугуна жана конституциялык түзүлүшүнө коркунуч келтирет" деп негиздеген. Кылмыш иштери басылманын бир нече кызматкерине, анын маалыматтарын соцтармактарда бөлүшкөн ондогон журналисттерге, окурмандарга жана эксперттерге козголуп, административдик жазага тартылышкан.
2025-жылы декабрда "Медузанын" негиздөөчүсү Галина Тимченко "жагымсыз уюмдун" ишмердигин уюштурууга айыпталып, беш жылга сыртынан соттолгон.
Орусияда бийлик "жагымсыз уюм" деп аныктап койгондордун ишмердигине катышууга жана аны ачык атоого административдик жоопкерчилик каралган, кийин кайталанчу болсо, айыпталган жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылат.