Ирак Ирандын танкерлерге чабуулунан кийин мунай терминалдарынын ишин токтотту
Ирандын чөлкөмдөгү энергетикалык объектилерге чабуулунан кийин Ирактын бийлиги өлкөдөгү бардык мунай терминалдарынын ишин токтотту.
Бул тууралуу The Guardian Ирактын расмийлерине таянып жазды.
Басылманын маалыматына караганда, 12-марттын таңында Ирактын Басра портуна соккуда кеминде бир киши каза тапты. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, мунайды которуштуруп жүктөгөн эки танкер бутага алынып, экөө тең күйүп кетти. Аларга жардыргыч заттар салынган кайыктар менен чабуул коюлган болушу мүмкүн.
Соңку эки күн ичинде Перс булуңунда ушуну менен алты кемеге сокку урулду.
Мындан тышкары Бахрейндин бийлиги Иран 11-мартта мунай резервуарларына чабуул койгондон кийин Мухаррак провинциясынын жашоочуларын үйлөрүнөн чыкпоого чакырды.
Дүйнөлүк мунайдын 20% өткөн Ормуз кысыгын Ирандын бийлиги дээрлик жапкандан кийин Перс булуңундагы ири мунай өндүрүүчүлөр өндүрүштү кыскартып, анын баасы жогорулап кетти. 12-мартта дүйнөлүк базарда Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине кайрадан 100 доллардан ашты.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) өкүлү АКШга кайрылуусунда "мунайдын баасы баррелине 200 долларга жетерин" айтып, буга даяр болууну эскертти. Мунайдын баасы "силер туруксуз кылган аймактык коопсуздуктан көз каранды" деп айтылат кайрылууда.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кентукки штатындагы митингде Кошмо Штаттар согушта жеңишке жеткенин, бирок "ар эки жылда ага кайтууну каалабасын" айткан.
"Биз өтө эрте кетүүнү каалабайбыз. Ишти аягына чыгарышыбыз керек", – деди ал.
Шаршембиде Эл аралык агенттикке мүчө мамлекеттер Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга байланыштуу бааны турукташтыруу үчүн өздөрүнүн стратегиялык резервдеринен 400 млн баррел мунайды дүйнөлүк базарга чыгарууну макулдашкан.
АКШ менен Израил Иранга 28-февралдан бери сокку уруп жатат. Тегеран буга жооп иретинде Израил менен Перс булуңундагы америкалык базаларга жана араб өлкөлөрүнө чабуул коюуда.