Орусияда коррупцияны ашкерелеген журналист Сергей Резник сыртынан соттолду
Ростов облустук соту иликтөөчү журналист Сергей Резникти экстремизмге жана улутчулдукту реабилитациялоого айыптап, сыртынан 10 жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу Резник өзү "Кавказ.Реалии" долбооруна билдирди.
Соттун маалыматына караганда, чечим 11-мартта чыкты.
"Өзүм да мени кайсы түрмөгө жибергенин билбейм", - деди Резник.
Журналист өлкөдөн 2019-жылы чыгып кеткен. Кылмыш иши козголгондон кийин аны камакка алуу тууралуу сыртынан сот чечими чыгып, өзүнө эл аралык издөө жарыяланган.
Сергей Резник - иликтөөчү журналист жана мурдагы саясий туткун. Ал коррупцияга каршы бир нече иликтөөнүн автору. 2017-жылы ал Андрей Сахаров атындагы "Журналистика жүрүм-турум актысы катары" сыйлыгын алган.