Израил Ирандын башкалаасына "жапырт сокку" уруп жатканын билдирди
Израилдин аскерлери (ЦАХАЛ) Ирандын башкалаасына “жапырт сокку” уруп жатканын билдирди.
“ЦАХАЛ Ирандын террордук режиминин Тегерандагы инфраструктурасына каршы кеңири чабуулдун толкунун баштады”, - деп жазды 13-мартта израилдик армия Телеграм каналына.
Перс тилиндеги постунда алар аскердик жайлар бомбаланарын, башкалаанын жана Казвин шаарынын тургундарына коопсуз жерлерге эвакуация болууну эскертишти.
Ал арада АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) “Эпикалык каардануу” операциясы башталгандан бери Ирандагы 6 миң бутага сокку урулганын билдирди.
Маалыматка караганда, 60 согуштук кеме жана мина коюучу 30 катер зыян тартты же жок кылынды. Мындан тышкары командалык борборлор, курал-жарак чыгарган ишканалар, баллистикалык ракета учурган аянтчалар, суу астында сүзүүчү кемелер жана абадан коргонуу системалары чабуулга кабылганы маалымдалды.
Иранда мектепке урулган сокку тууралуу отчет жакынкы күндөрдө Конгресске сунуш кылынары 12-мартта кабарланган. Америкалык эки аткаминердин айтымында, кандуу соккуга эскирип кеткен чалгын маалыматтары алып келген болушу мүмкүн. Алар бул алдын ала бүтүм экенин белгилешти.
Минабдагы кыздар мектеби 28-февралда, АКШ менен Израил Ислам жумуриятына каршы операция башталганда чабуулга кабылган. Жергиликтүү бийлик бери дегенде 175 киши, арасында 168 бала өлгөнүн билдирген.