Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, эколог-активист Бермет Бөрүбаева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында алты саатка жакын сурак беришкени белгилүү болду. Милиция аларды Исмаилованын социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн суракка чакырганын укук коргоочу “Азаттыкка” айтып берди.