Султанбековдун, Атамбаевдин жана Эрматовдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарды
Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, аталган партиянын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана алардын тарапташы Эрмек Эрматовдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-майга чейин узартты. Бул тууралуу адвокат Асел Аргымбаева кабарлады. Ага ылайык, сот мындай чечимди 13-мартта чыгарган.
Аргымбаева алар камалган төрт айдан бери тергеп-иликтөөнүн алкагында эч кандай иштер жүрбөгөнүн, сурак болбогонун, тергөөчүлөр сотто бир катар экспертизаларды дайындоону пландап жатышканын айтып келгенин белгиледи.
ИИМ буга байланыштуу комментарий бере элек.
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.
Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.
Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.
Кадырбек Атамбаевге, Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.
Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов 25-январда үй камагына чыгарылган.