Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда эпизотиялык абал көзөмөлдө экенин билдирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Кыргызстанда эпизотикалык абал көзөмөлдө экенин парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында билдирди. Мунун алдында депутат Табылды Муратбеков аймактарда мал ылаңдап, тургундар кайрылып жатканын айткан.

"Акыркы учурларда аймактарда шарт ылаңы менен малдар ооруп, жем жей албай, температура болуп жатканын айтып кайрылып жатышат. Малы өлгөн учурлар дагы бар", - деди эл өкүлү.

Министрдин орун басары абал көзөмөлдө экенин белгилеп, расмий аныкталган учур болбогонун билдирди.

"Жалпысынан эпизотикалык абал көзөмөлдө, министр дагы тапшырмаларды берген. Эки жылдан бери мал чарбасындагы тогуз вакцинаны алты ай мурда алдын ала алып, бул багытта маселе жок. Бюджеттен дагы кошумча каражат алып жатабыз. Шарп ылаңы расмий аныкталган жок", - деди Дүйшеев.

Муратбеков аймактардан кайрылгандар көп болуп жатканын, бул тамак-аш коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтты. Ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өлкөдөгү эпизотикалык абал боюнча министрликтин маалыматын угууну сунуштады.

Буга чейин социалдык тармактарда айрым компаниялардын сүт азыктары соода борборлорунда сатылбай жатканын айтып чыккандар болгон.

Министрликтин Ветеринардык кызматынын зоо эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын инспектору Кемелбек Абдылүсөнов Кыргызстандын айрым аймактарында шарп ылаңы катталганы менен өлкө боюнча эпизоотиялык абал туруктуу экенин "Азаттыкка" билдирген.

Ал бардык райондорго вакцина жеткирилип, ылаң аныкталган жерлерде ветеринарлар эмдөө иштерин жүргүзүп жатканын айткан.

Шарп жукканда мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлаакчалар пайда болот, ал бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус кишиге чийки сүттөн жана андан даярдалган сүт азыктарынынан жугат. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *