"Түндүк" аркылуу мүлктү кайра каттоого тыюу салуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт
"Түндүк" тиркемеси аркылуу жарандар өз мүлкүн кайра каттоосуна тыюу сала алуучу механизмдер учурда иштелип жатат. Санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин адистери ушул багытта иштеп жатышканын мекеменин башчысы Азамат Жамангулов "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, санарип технологиялардын өнүгүшү шылуундук схемаларынын өзгөрүүсүн жаратууда. Ошондуктан жарандар өздөрүнө насыя алууга тыюу сала алгандай эле мүлкүн да кайра каттоого тиркеме аркылуу тыюу салуучу механизмди иштеп чыгуу маселеси көтөрүлгөн.
"Ушул тапта мүлк маселесинин бир бөлүгү - техпаспорттор жана кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик актылары санариптешти. Мындай өзүн тыюу эң биринчи кезекте пенсия курагындагы жарандарга зарыл", - деди Жамангулов.
Жарандардын мүлкүн кайра каттоого өзүнө тыюу салган механизм киргизүү талабы буга чейин коомчулукта айтылып келген. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул эң ириде карыялардын менчик укугун коргоодо зарыл экенин айткан.
Буга чейин Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет пенсионерлер шылуундардын таасири менен турак жайларын сатып, акчасын алдамчыларга которуп берген учурлар көп болуп жатканын билдирген.
"Түндүк" тиркемеси аркылуу жарандар былтыр ноябрдан бери өзүнө насыя алууга тыюу сала алышат. Ал 2025-жылы июль айында президент Садыр Жапаров кол койгон “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча” мыйзамдын негизинде жарандарды түрдүү алдамчылыктан коргоо максатында ишке киргизилген.
Акыркы жылдары Кыргызстанда интернет шылуундар көбөйдү. (ZKo)