Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алматыда КазТАГдын башчысы Матаев, активист Бокаев кармалды

Казакстанда КазТАГ агенттигинин кожоюну Асет Матаев кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Белгилүү болгондой, Матаев 18-мартка караган түнү кармалган.

Шаардык полиция департаменти билдиргендей, түн ичинде Алматынын Медеу районунда төрт эркектин катышуусунда жаңжал чыккан. Алардын экөө мас абалда болгон.

Тергөөнүн версиясына ылайык, мушташкандардын баары полицияга жеткирилген. Учурда бейбаштык боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.

КазТАГ агенттигинин редакциясы Асет Матаев бул окуяда жабыркаганын билдирип, бирок толук маалымат жок экенин билдирди.

Асет Матаев жана КазТАГ агенттигинин башкы редактору Амир Касенов миллиардер Тимур Турловго таандык Freedom Finance брокердик компаниясынын арызынын негизинде козголгон иш боюнча шектүү катары өтүп жатышат. Журналисттерге «атайылап жалган маалымат таратуу» беренеси коюлган.

Андан тышкары жарандык активист Санжар Бокаев Алматыда кармалганын 18-мартта Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди. Маалыматка караганда, Бокаев "коомдун пикирин өзгөртүү максатында жалган маалымат таратып, социалдык тармактарга жайгаштырган" деп шектелүүдө. Андан тышкары ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектелип жатканын мекеме кошумчалады.

Бокаев Алматыдагы көрктөндүрүү иштериндеги ыктымал мыйзам бузуулар тууралуу резонанс жараткан видеолордун автору катары белгилүү.

Былтыр сентябрь айында ал түнкүсүн Чоң Алматы дарыясынын жээгинен гранит плиталарды алып кетишип, мүрзө таштарын жасоочу цехке жеткиришкенин көрсөткөн видео жарыялаган.

Август айында болсо ал Алматы көчөлөрүндөгү дээрлик жаңы брусчатканын алынып, жүк ташуучу унаага жүктөлүп жатканын тарткан. Ал автоунаанын артынан барып, материал шаардын четиндеги менчик үйгө жеткирилгенин көргөн.

«Плиткалар жакшы абалда болчу, алмаштыруунун кереги жок эле. Алар жакшы брусчатканы алып, сатып жиберишет да, ордуна башкасын, дагы жаңыны коюп коюшат. Акча өздөштүрүлүп, материалдар жок болуп жатат», — деген Бокаев.

Активист ошондой эле Казакстанда «жергиликтүү өндүрүш» деп көрсөтүлгөн автобустар чындыгында Кытайда жасалып, бөлүктөргө ажыратылып, кийин Караганда облусунда кайра чогултуларын айткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *