Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орунбеков Ташиев Аи-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майды мажбурлап сатып турганын жазды

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Кыргызнефтегаз" ишканасы өндүргөн күйүүчү май буга чейин жергиликтүү компанияларга мажбурлоо жолу менен сатылып келгенин билдирди.

Орунбековдун Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, "Кыргызмунайгаз" ишканасы 2021-жылдан тарта туунду ишканасы “Кыргыз Петролеум Компани” менен чогуу Камчыбек Ташиевдин таасиринде болгон. Ишканага Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетекчи болуп дайындалган.

Орунбеков Мамлекеттик салык кызматы ошол маалда коррупциялык схема түзүлүп, ири каржылык чыгымдар болгонун иликтеп таап, айтып чыкканын белгилеген.

Анын маалыматында,“Кыргызмунайгаз” казган чийки мунайды “Кыргыз Петролеум Компани” заводу кайра иштетип, өндүрүлгөн мунай өнүмүнөн киреше табышы керек болгон.

"Бирок бул эки ишкананын ортосуна Ташиевдин үй-бүлөсү тарабынан түзүлгөн жеке ортомчу компаниялар киргизилип, мунайды кайра иштетүү ошолор аркылуу өткөндөй көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө кайра иштетүүнү мамлекеттик завод аткарганы менен, даяр өнүм ташиевдерге таандык компаниялар аркылуу башкаларга сатылып, негизги киреше мамлекетке эмес Ташиевдерге түшүп турган. Аи-80 бензини жана дизель ички рынокто колдонулбаса да, Ташиевдердин фирмасы - нефть менен иштеген жергиликтүү эки ири компанияга сатып, мажбурлап алдыртып келишкен", - деп жазды.

Орунбеков аталган компаниялар басымдын таасири менен сатып алган Аи-80 үлгүсүндөгү бензинди жана дизелди Орусиядан келген жогорку сапаттагы бензинге жана дизелге аралаштырып анан элге сатышканын кошумчалады. "Муну, нефтрейдерлер “шакарап” деп атап коюшат экен" деп жазган Орунбеков Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин, жогорудагы эки компания Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелди сатып алууну токтотконун, буга байланыштуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын кампаларында күйүүчү майдын запасы топтолуп калганын билдирди.

Ушундан улам өкмөт жергиликтүү өндүрүштөгү Аи-80 маркасындагы күйүүчү майды жана дизелди экспорттоого убактылуу уруксат берди. Эми, “Жунда” жана “Кыргыз Петролеум Компани” ишканаларынан өндүрүлгөн Аи-80 маркасындагы бензин жана дизелдик күйүүчү май Тажикстан жана Ооганстанга экспортко чыгарыла баштайт. Орусиядан импорттолгон евростандарттагы күйүүчү май өлкөдөн сыртка чыгарылбайт.

Орунбеков мамлекет “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасын модернизациялоону баштаганын, жумуш эки жыл ичинде аяктап, завод евростандарттагы күйүүчү майдын түрлөрүн чыгарып, ички талаптарды камсыздоого киришерин белгиледи.
16-мартта Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда аталган мекеме мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттер аныкталганын, ал схемаларга Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катыштыгы бардыгын маалымдаган.
Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Салык кызматы тараткан маалыматтарды четке каккан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *