Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кувейтте жана Сауд Арабиясындагы мунай иштетүүчү заводдор чабуулга кабылды

Перс булуңундагы бир катар өлкөлөр бейшемби күнү энергетикалык объектилерге дрондор менен сокку урулганын билдиришти.

Мунун алдында Израил армиясы Ирандагы Түштүк Парс газ кенине абадан чабуул койгон.

Reuters агенттиги өз булактарына таянып, Сауд Арабиясынын Кызыл деңиз жээгиндеги Янбу портунда жайгашкан эң ири SAMREF мунай иштетүүчү заводуна дрон сокку урганын билдирди.

Saudi Aramco жана ExxonMobil компанияларына таандык SAMREF заводу күнүнө болжол менен 400 миң баррель мунай иштетет жана Сауд Арабиясынын негизги экспортко багытталган ишканаларынын бири болуп саналат.

Кувейтте Kuwait Petroleum Corporation компаниясы Мина-эль-Ахмади шаарындагы мунай иштетүүчү заводдун бир бөлүгүнө дрон тийгенден кийин кичине өрт чыкканын билдирди.

Мындан тышкары, Британиянын деңиз коопсуздугу боюнча UKMTO агенттиги Рас-Лаффан аймагына жакын жерде кеме снарядга кабылганын маалымдады. Бул Катардагы суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүчү негизги өнөр жай борбору болуп саналат. Буга чейин Катар бийлиги бул аймакты Иран баллистикалык ракеталар менен кайра аткылап, өрт тутанганын жана зыян келтирилгенин билдирген.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу шаршембиде Израилдин Түштүк Парска жасаган соккусунан кийин БАЭ, Катар жана Сауд Арабиясындагы бир катар мунай объектилерин, анын ичинде SAMREF заводун эвакуациялоо тууралуу эскертүү берген. Ошол эле күнү кечинде Иран Рас-Лаффан аймагына биринчи ракеталык сокку урган.

Эр-Рияд Тегеранды коңшу өлкөлөргө жасалган чабуулдарды токтотууга чакырды. «Ирандын мындай аракеттери кесепетсиз калбайт», — деди Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан.

28-февралдан бери АКШ менен Израил Иранга абадан чабуул кое баштаганы, Тегеран бир нече жолу Сауд Арабиясына жана Перс булуңундагы башка өлкөлөргө ракета жана дрондор менен сокку урду.

Бул өлкөлөрдүн бийликтери билдиргендей, бутага алынган объектилеринин катарында турак жайлар, жарандык инфраструктура, мунай объектилери, аэропорттор жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр болгон.

АКШ президенти Дональд Трамп Иран QatarEnergy объектилерине сокку ургандан кийин Тегеранга эскертүү берип, эгерде мындай чабуул кайталанса, «АКШ Израиль менен бирге же жалгыз эле Түштүк Парс кенин Иран мурда көрбөгөн күч менен толук жок кылышы мүмкүн» деп билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *