Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мирзиеев Трамптан G20 саммитине чакыруу алганы маалымдалды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамптан «Тынчтык кеңешинин» эмки жыйынына жана быйыл декабрда Майамиде өтчү Чоң Жыйырманын (G20) саммитине катышуу чакыруусун алды. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, өз катында америкалык лидер «Өзбекстан жетекчисинин «Тынчтык кеңешинин» бетачар жыйынына катышуусун жогору баалаганын жана Өзбекстанга баруу чакыруусуна ыраазычылыгын билдирген».

Буга чейин Казакстан президентинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров Касым-Жомарт Токаевдин атына Трамптан келген катта аны "Тынчтык кеңешинин" эмки жыйынында чыдамсыздык менен күтөөрү айтылганын кабарлаган. Ошондой эле Токаев Чоң Жыйырманын саммитине чакырылганы маалымдалган.

«Тынчтык кеңеши» Газадагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн түзүм катары сунуш кылынган. Ал былтыр октябрь айында жетишилген ок атышууну токтотуу келишиминен кийин тилкедеги убактылуу башкарууну көзөмөлдөөгө тийиш болчу.

Бирок кийин кеңештин төрагасы Трамп бул түзүм дүйнөдөгү башка жаңжалдарды да кароого ыйгарым укук алышы мүмкүн экенин билдирген.

АКШ президенти 19-февралда Вашингтондогу алгачкы жыйында "Тынчтык кеңеши" БУУнун ордун алмаштырбай турганын белгиледи. Буга чейин сөз болгон платформа Ак үй колдогу потенциалын ишке ашыра албайт деп сындап жүргөн Улуттар Уюмуна атаандаш катары түзүлүп жатат деген чочулоолор айтылып келген.

Кеңешке Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстан кирген. Адегенде Трамп ага 50 өлкөнүн өкүлдөрүн чакырган, бирок уставына 19 мамлекет кол койду.

Былтыр дакабрда АКШнын президенти Токаев жана Мирзиеев менен соода, тынчтык жана стратегиялык демилгелер жаатында сүйлөшүү жүргүзүүнү жана экөөнү тең Майамидеги саммитке чакырууну каалаганын Truth Social тармагына жазган.

Эксперттердин баамында, чакыруу Вашингтондун Борбор Азияга болгон кызыгуусу артып баратканынан кабар берет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *