Мурдагы рэпер Балендра Шах Непалдын премьери болуп дайындалды
Непалдын өкмөт башчысы болуп мурдагы рэпер жана борбор шаар Катмандунун экс-мэри, 35 жаштагы Балендра Шах дайындалды. 5-марттагы парламенттик шайлоодо анын партиясы тарыхый жеңишке жетишкен.
73 жаштагы Шарма Оли жетектеген мурдагы өкмөт былтыр сентябрда социалдык тармактарды бөгөттөө аракети көрүлгөндө тутанган нааразылык акцияларынын жыйынтыгында отставкага кеткен. Толкундоолор кан төгүү менен коштолгондо чектөө алынганы менен коррупцияга каршы ураандар жаңырган демонстрациялар уланган.
Ал акциялардын башында жаштар турганы үчүн “Z муунунун козголоңу” деген атка конгон, ал эми Балендра Шах ошол кыймылдын символуна айланган.
Быйыл жыл башында ал шайлоого катышуу үчүн Катманду шаарынын мэрлигинен кеткен жана Улуттук көз карандысыз партияга кошулган.
Добуш берүүдө партия 165 округдун 90унда уткан.
Маалыматтарга караганда, шаар башчы болуп турганда жаңы премьер мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүп, таштандылар маселесин чечип, тартип орнотууга катуу киришкен. Муну менен бирге укук коргоочулар анын көчөлөрдү соодагерлерден жана мыйзамсыз соода түйүндөрдөн тазалоодо полицияны ырайымсыз колдонгонун катуу сындашат.