"Аю холдингинин” негиздөөчүсү, соңку күндөрү социалдык тармактардан билдирүүлөрдү жазган Шаршенбек Абдыкеримов бул ирет “Аю гранд” жана “Томми молл” соода борборлору тууралуу сөз кылды. Ал “Томми мол” УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына өтүп кеткенин жазды. Ташиевдин уулу бул маалыматты төгүндөп, мамлекетке алынган мүлктөрдүн бирин да өздөрүнө каттабаганын айтып чыкты. Бул окуялардан кийин “Шерой” компаниясы сөз болгон соода борборду аукцион аркылуу сатып алганын, алардын Ташиевдерге тиешеси жоктугун билдирди. Президенттин администрациясы ишкердин билдирүүлөрүнөн кабардар экенин белгилеп, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.