Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иранда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммадинин абалы начарлап кеткени кабарланды

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Иранда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммадинин ден соолугу кескин начарлап жатканын анын жолдошу Таги Рахмани билдирди.

Рахмани 1-апрелде Парижден Азаттыктын «Фарда» кызматына телефон аркылуу маек берген.

Анын айтымында, Мохаммади учурда өпкө жана жүрөк ооруларынан жабыркап, башы ооруп, көрүүсү начарлап, кыйналып жатат. Наргизге Зенжан түрмөсүнүн тышкары атайын ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүшү керек экенин Рахмани кошумчалады.

31-мартта Free Narges коалициясы активисттин абалына жана көз карандысыз медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирди. Бул маалымат Ирандан алынган акыркы билдирүүлөргө негизделген. Коалициянын маалыматына караганда, 29-мартта Мохаммадинин адвокаттары үй-бүлө мүчөсү менен бирге Зенжанда Наргизден кабар алышкан.

Маалыматка ылайык, Мохаммадинин абалы өтө оор. Ал жакындары менен жолугушууга келгенде өңү кубарып, алсырап, арыктап кеткени байкалган.

Рахманинин айтымында, жубайы 2025-жылдын декабрында Мешхед шаарында кармалгандан бери ден соолугу начар. Ал кармоо учурунда коопсуздук күчтөрү тарабынан сабалганын, денесинде узак убакыт көгала тактар калганын кошумчалады.

Мындан тышкары, Amnesty International уюму 24-мартта маалымдагандай, бир жолу Мохаммадини Зенжанда эс-учун жоготкон абалда табышкан. Түрмө дарыгери анын жүрөгү кармап калган болушу мүмкүн деп божомолдогон, бирок ага карабастан бийлик аны ооруканага которуудан баш тарткан.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан укук коргоо уюму Мохаммадини тез арада жана шартсыз бошотууну талап кылып, ага шашылыш медициналык жардам көрсөтүлүшү керектигин белгиледи.

Наргиз Мохаммади быйыл февралда «улуттук коопсуздукка каршы кутум жана жыйындарды уюштурган, пропаганда жүргүзгөн» деп айыпталып жети жарым жылга кесилген. Ал өзү бул дооматтарды четке кагып келет.

Аялдардын укуктары, өлүм жазасын алып салуу үчүн узак жылдардан бери күрөшүп келген 53 жаштагы Мохаммади 2023-жылы Нобел тынчтык сыйлыгын алган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *