Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кубат Чекиров чындыкты айткан журналист коркунуч эмес экенин айтты

Журналист Кубат Чекиров 2-апрелде Бишкекте өтүп жаткан “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” деген аталыштагы чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форумунда кыргыз журналистикасы боюнча баяндама жасады.

Ал бийликтин мурда-кийин журналисттерге, жарандык коомдун өкүлдөрүнө козголгон күмөндүү кылмыш иштердин кайра каралып, айрымдардын эркиндикке чыгып жатышы колдоого аларлык экенин айтып, сөз эркиндигин колдоо зарыл экенин кошумчалады.

“Чындыкты айткан журналисттерден эмес, коррупция менен күрөшкө жамынган ээнбаштардан коркуш керек. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей чындык айтылган жерде гана туура чечим болот. Чындыкты айткан медиага коом ишенет. Ишеним болсо – ал туруктуулуктун негизи. Кесипкөй журналистика кыянаттыктын, коррупцияны алдын алуунун, ага каршы күрөштүн эң натыйжалуу жолдордун бири. Сын, ачыктык жана талкуу болмоюнча өнүгүү болбойт. Чындыкты айткан журналист коркунуч эмес, ал коомдун интеллигенти”, - деди ал.

Акыркы саясий окуялар, кадрдык алмашуулардан кийин Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылуу жасашкан.

Алар акыркы жылдары журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана башка беренелер боюнча козголгон иштер көбөйгөнүн белгилешкен. Ошондой эле коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам коомчулук мындан ары бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турганы айтылган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирген. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *