Добавить новость
4 марта 2026 года
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2026
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Все новости

Azattyk.org 

"Кызым өз жанын кыйбайт эле". Ноокатта жаш келиндин өлүмү иликтенүүдө

Ош облусунун Ноокат районунда 19-февраль күнү 21 жаштагы келин асынган абалда табылган. Маркумдун жакындары окуя алдында эле келин жолдошунан зомбулук көргөнү тууралуу укканын айтып, анын өз жанын кыйганына ишенбей турушат. Келиндин кайын журту азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.

Azattyk.org 

Депутат Сурабалдиева 8-Март маршын өткөрүүгө уруксат берүү маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 8-мартта Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин көтөрдү. Ал калаа бийлигине жана укук коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин белгиледи. “Уркуя Салиеванын айкелинен башталып, Горький сейил багына чейин жөө жүрүш кылсак жакшы болмок деп жатышат. Урматтуу укук коргоо органдары, мэр. Бул жерде көбүнчө айымдар, жаш кыздар болот”, - деди Сурабалдиева. Депутат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаз майрамын утурлай Кыргызстанга 4 млн даана гүл алып келинди

Жаз майрамын - Аялдардын Эл аралык күнүн утурлай Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи. Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл - роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат. Гүлдөрдүн басымдуу бөлүгү учактар менен ташылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖАМК Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын билдирди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигинин көрсөтмөсү менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-мартта "Азаттыкка" маалымдады. Ушул эле күнү Акыйкатчы институтунун кызматкерлери да №27 жаза өтөө мекемесине барып, Аскат Жетиген менен жолугушкан. Омбудсмен институту аталган түрмөдөн топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлөрүн "Азаттыкка" кабарлады. №27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат... Читать дальше...

Azattyk.org 

5-мартта Омандан кыргызстандыктарды ташыган биринчи учак келет

Перс булуңунан эвакуацияланган кыргызстандыктар түшкөн учак 5-мартта саат сегизде "Манас" аэропортуна келет. Омандан келүүчү биринчи каттам 180 адамды алып келет. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы маалымдады. Каттамды "Аэрономад" компаниясы жүргүзөт. Президент Садыр Жапаров 3-мартта Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатканын, Оман мамлекети менен макулдашып, эки учак менен 300 киши алынып келинерин билдирген. Ошол эле күнү Кыргызстандын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан Орусияда кароосуз калган дагы эки наристесин мекенине алып келди

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусиянын Екатеринбург шаарынан ата-энесинин кароосу жок калган эки бала Кыргызстанга алынып келгенин билдирди. Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, наристелерди кайтаруу Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун көмөгү менен ишке ашты. Балдар Бишкектеги атайын балдар үйлөрүнө жайгаштырылып, аларды туугандарына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Адатта мындай ымыркайлар өз туугандарына өткөрүлүп берилет... Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил Тегерандагы жашыруун өзөктүк борборго сокку урганын билдирди

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Тегерандан алыс эмес жайгашкан "Минзадехей" жашыруун өзөктүк комплексине сокку урганын маалымдады. ЦАХАЛдын басма сөз кызматы кабарлашынча, жер алдындагы борбордо ирандык окумуштуулар өзөктүк куралдын негизги бөлүктөрүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатышкан. Иран, АКШ жана БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) бул маалыматка комментарий бере элек. ЦАХАЛ ошондой эле израил авиациясы Ирандын дрон учуруучу 300дөй түзүлүшүн иштен чыгарганын билдирди. Бул Иран... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ноокатта өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдарга шарт түзүү маселеси парламентте көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Ош облусунун Ноокат районунда өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар – аутист, майыптыгы бар жана церебралдык шал оорусуна (ДЦП) чалдыккан балдардын билим алуусуна шарт түзүү керектигин айтып чыкты. Ал райондо 1296 баланын майыптыгы бар экенин, каттоого алынбагандары да көптүгүн белгиледи. “Көптөгөн ата-энелер кайрылып жатат. Бул балдарга мамлекеттен бала бакча да, мектеп да, эч кандай шарт каралган эмес. Аларды коомго аралаштыруу үчүн Ноокат районунда кризистик борборбу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жер мунапысы: Депутат Бекешев Көк-Жардагы талаштуу жер маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев былтыр декабрда түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиянын ишине кызыгып, бул тууралуу маалымат чыкпай жатканын белгиледи. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн комиссия мурдагы өнөктүктө каралбай калган жерлерге мунапыс берүүнү карап чыкмак. “Комиссия иштеп жатабы? Ал көйгөйлүү жерлерге барып жатабы? Маалымат жок. Мага өзгөчө №172 жана №232 контур кызык. №172 контур боюнча 149 үй мунапыска илинген, бирок дагы эле документ бериле элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп Иран маселесине байланыштуу Испания менен сооданы токтотуу ниетин билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Мадрид Иранга сокку уруу үчүн өз базаларын колдонууга уруксат бербегени жана аскердик чыгымдарды ички дүң өнүмүнүн беш пайызына чейин көтөрүүгө макул болбогону үчүн Вашингтондун Испания менен соода мамилелерин толугу менен токтотуу ниети бар экенин билдирди. "Алардын эли улуу, бирок жетекчилиги улуу эмес. Өзүңүздөр билгендей, алар НАТОдогу төлөмдү 5% чейин көтөрүүгө макул болбогон жалгыз өлкө. Алар баарын 2% деңгээлинде калтырууну каалашты, бирок ошону да төлөбөй жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖАМК абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторуна камалганын ырастады

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы акын Аскат Жетиген уулу кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы 3-мартта билдиргендей, Жетиген уулу мекеменин кызматкерлери менен чыр-чатак чыгарып, башка соттолгондорду абактын жетекчилигинин талаптарына баш ийбөөгө чакырганы жана ички тартип эрежелерин бузганы үчүн аны 15 суткага айып изоляторуна которушкан. “Соттолгондор мекеменин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбесе, мекеменин ички тартибинин эрежелерин бузса... Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *