Добавить новость
3 января 2026 года

World News in Kyrgyz

Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer




Rss.plus Ria.city
Январь
2026
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Все новости

Azattyk.org 

Кыргыз журналисттерин сынаган жыл

2025-жыл Кыргызстандын маалымат чөйрөсү үчүн талылуу жылдардын бири болду. Бир жагынан жаңы медиа каражаттары ачылса, бир жагынан иштеп жаткандар жабылды, кээлеринин иши токтотулуп, экстремист деп табылды. Журналисттердин кай бири абактан чыкса, башкалары кармалып, камалды. Айрым кабарчыларга издөө жарыяланды. Бир тарап мына ушуларды мисал тартып, сөз эркиндигин чектөө туу чокусуна жетти дешсе, экинчи тарап муну четке кагууда.

Azattyk.org 

2026: Индия, Вьетнам ирденип, семиз кишилер азаят

Байкоочулар АКШнын ички-тышкы саясаты дүйнөдө эски доор аяктап, жаңы алака-катыш, эреже-тартип орной баштаганын айгинелейт деген оюн айтышат. Күндөн күнгө кардарлары көбөйүп бараткан арыктатчу дарылар эми семиз калкы көп өлкөлөрдө кеңири сатылып, далай ооруларды азайтат дешет адистер.

Azattyk.org 

Швейцарияда 40 адамдын өмүрүн алган өрттөн кийин беш күндүк аза күтүү жарыяланды

Швейцарияда Альп тоолорундагы Кран-Монтана лыжа курортунда жайгашкан Le Constellation барындагы өрттөн каза болгондорду эскерүү үчүн беш күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу конфедерациянын президенти Ги Пармелен билдирди. 1-январга караган түнү чыккан өрттүн кесепетинен болжол менен 40 адам каза болуп, 115тен ашуун киши жараткат алды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жабыркагандардын жана курман болгондордун так санын аныктоо үчүн дагы бир нече күн талап кылынышы мүмкүн. Учурда набыт болгондордун тек-жайын тактоо иштери башталды.

Azattyk.org 

Швейцариядагы каргаша: “Өрт! Өрт!” деп кыйкырып калдык

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Швейцариянын Кран-Монтана курортундагы жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Мекеме ал жакта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин ырастады.1-январга караган түнү чангы курортундагы барлардын биринде тутанган өрт 40тан ашуун адамдын өмүрүн алды. 100дөн көп киши жабыркады. Алардын көбүнүн абалы оор. Учурда каза болгондордун тек-жайын аныктоо иштери башталды.

Azattyk.org 

ТИМ Швейцариядагы жарылуудан жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Швейцариянын Кран-Монтана курортундагы жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу билдирүү 1-январда жарыяланды. Ага ылайык, баштапкы маалымат боюнча жарылуудан каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Жаңы жыл түнү Швейцариянын Кран-Монтана тоо-лыжа курортундагы эл жык толгон барда болгон жарылуудан 40ка жакын адам каза таап, 100гө жакыны жаракат алды. Швейцария бийлиги 1-январда билдиргендей, жараат алгандардын көбүнүн абалы оор. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу заводунун маяна маселеси чечилерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушту. Ал кызматкерлердин соңку үч айдан бери ала албай жаткан маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилерин белгиледи. Ошондой эле ал заводдун мындан аркы ишмердиги боюнча маселе каралып жатканын, буга чейин кыскартууга кеткен 550дөй кызматкер азырынча жумушка алынбай турганын тактады. “Ысытып кызартуучу (лампа накаливания) лампанын (ред: Майлуу-Суу заводунан чыккан лампанын түрү) келечеги жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө 15 жаштагы баланы сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-январда Ысык-Ата районунда 15 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалганын билдирди. Бул тууралуу 1-январга караган түнү Ысык-Ата райондук милициясына маалымат түшүп, Бишкек-Торугарт унаа жолунда велосипед менен бараткан баланы жүк ташуучу унаа сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендиги айтылган. Териштирүү учурунда кырсыкка кабылган 15 жаштагы бала ошол жерде каза болгону, ал Дмитриевка айылынан Кантка жол бою менен велосипедчен баратканда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Муфтият ар бир облус, райондо борбордук диний окуу жай ачыларын билдирди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ар бир облуста борбордук жогорку диний окуу жай түзүлөрүн, бул мекемелер ошол аймактагы медреселер үчүн окуу-методикалык жана координациялык борбор катары кызмат кыларын билдирди. Мындай чечим муфтияттын 31-декабрдагы жыйынында белгилүү болду. Чукул жыйын президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда диний окуу жайларды бирдиктүү стандарттарга киргизүү жана аларды борборлоштуруу боюнча берген тапшырмаларын аткарууга байланыштуу өткөн. Мындан тышкары ар бир райондо борбордук орто диний окуу жай ачылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эски ырларды барабандын коштоосунда ырдаган Жумабеков

Жыл жыйынтыктап жатканда "Азаттыктын" студиясына өзгөчө ырдоо стили менен таанылган Адик Жумабеков конокко келди. Адик кыйла жылдан бери өнөр дүйнөсүндө жүрүп, музыкалык аспаптардын коштоосунда фонограммасыз ырдаганга артыкчылык берип келет.

Azattyk.org 

Фэнтези, геосаясат жана Айтматов. Кыргыздар кандай китеп окушат?

Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамынан кийин он күндөй эс алат. Бул аралыкта айрым окурмандар бош убактысын китеп менен өткөргүсү келиши мүмкүн. Каникулда телефон тиктебей, балам китеп барактасын деген ата-энелер бар. Бирок көбүндө кайсы китепти окуш керек деген суроо турат.




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *