Кара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери иштен кетти
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев жана Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев иштен кетти. Президенттин администрациясы алар берген арызынын негизинде кызматтан алынганын кабарлады. Манас Мураталиев бул кызматта 2023-жылы июнь айынан тарта иштеп келе жаткан. Канат Табалдиев Кара-Суу районунун акими болуп 2024-жылы августта дайындалган жана ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген. Табалдиев тууралуу соңку күндөрү социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар тарап жаткан.