Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева тасмалары эл аралык фестивалдарда баш байге, сыйлык алган режиссерлорго колдоо жок экенин бүгүн, Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында айтып чыкты.
Эл өкүлү өлкөнүн атын таанытып, спорттон ийгилик жараткандарга мамлекет жакшы көңүл буруп жатканын белгиледи.
"Быйыл кыргыз киносунун 85 жылдыгы белгиленет. Ушул убакытта болгону 5 кино А класстагы фестивалда баш байге утуп алган. Алар 1965-жылы Болот Шамшиевдин "Манасчы" тасмасы, 2016-жылы Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан "Атанын керээзи"... Читать дальше...