Өкмөт башчы быйыл Бишкекте 32 жаңы мектеп куруларын билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Бишкек шаарында 32 жаңы мектеп куруларын билдирди. Бул тууралуу ал муниципалитеттин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынында айтты. Өкмөт башчы борбордо 2022-жылдан бери 30 жаңы мектеп ачылып, 40ка жакын мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлгөнүн, авариялык абалда турган эки билим берүү мекемеси ушул жылы пайдаланууга берилерин кошумчалады. Адылбек Касымалиев Бишкекте үй тибиндеги 143 бала бакча да ачылганын белгиледи. Читать дальше...