Киев шаары жапырт соккуга кабылды
Өткөн түнү Киев шаары жапырт аткылоолордун бирине дуушар болду. Калаанын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, бир эле учурда ар кайсы багыттардан дрондорду жана канаттуу ракеталарды колдонуу менен комплекстүү чабуул жасалды.