Ыйык Курани Карим түшүрүлө баштаган Кадыр түндүн так датасы шарият коюучу — Алла Таала тарабынан ачык билдирилген эмес. Ал эми пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Кадыр түндү орозонун так сандарынан (21, 23, 25, 27, 29) издөө боюнча айтканы белгилүү. Бул хадиске таянсак, маарек түн орозонун соңку 10 күндүгүндө катылганы маалым болду. Айрым риваяттар жана көпчүлүк аалымдардын (жумхур-и улама) көз карашында, орозонун 26 сынан 27 сине оогон кечте Кадыр түн болуу ыктымалдыгы өтө жогору. Дал ушуну назарга туткан дүйнө мусулмандары, өзгөчө ала-тоолук мусулмандар ыйык Рамазандын 27 сине оогон түнү Кадыр кечин тосуп келишет.