"American School" окуу борборунун жайкы лагерине жазылуу ызы-чуу менен коштолду
![](https://gdb.rferl.org/916C0A45-A23A-4FFC-B98C-5E914E778722_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
"American School" окуу борборунун он күндүк жайкы лагерине катталуу башаламандык менен коштолду. Буга каалоочулардын саны жана окуу борборунун кызматкерлеринин ызы-чуусуз кезекке турууну камсыз кылбагандыгы себеп болгон.
Бир күн мурун англис тили боюнча курстарды сунуш кылып келген "American School" окуу борбору 3-январда жайкы лагерге каттоо башталарын жарыялап, ал таңкы саат тогуздан кечки жетиге чейин уланарын жазган. Уюштуруучулардын айтымында, келгендер өздөрү кезекке турбастан башаламандык жаратууда. Ал эми балдарын жөнөткөн ата-энелер аталган борбордун жайкы лагерине катталуу жыл сайын ушундай башаламандык менен коштолорун айтып, нааразылыгын билдирип жатышты. Алар "каттоону электрондук түрдө өткөрүү ыңгайлуу болмок" деп, чоңдор өспүрүмдөрдөн кезек талашканына кыжырданууда.
Жыл сайын "American School" окуу борбору 200дөн ашуун баланы жайкы лагерге алып кетет. Окуу жайынын шарты боюнча каалоочулар 1000 сом алып барып, каттоо жүрүп жаткан күнү тийиштүү кагаздарды толтурат. Кийин дагы тогуз миң сом төлөп, лагерге барууга мүмкүнчүлүк алат.
Лагерде англис тилин үйрөнүүгө басым жасалып, ар кандай көңүл ачуучу жана билим алуучу иш-чаралар менен коштолот. (KR)