Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду
![Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду](https://gdb.rferl.org/23ACBA7D-C531-4FD1-B004-4BAD815CAB4E_w800_h450.jpg)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын профессору Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Андан мурун Бишкектеги Опера жана балет театрында эл артисти менен коштошууга келгендердин митинги өттү.
Эсенбүбү Нурманбетова 2-январда 62 жашында дүйнөдөн кайтты.
Кыргыз Республикасынын эл артисти 1957-жылдын 13-июнунда Талас районунун Чоң-Алыш айылында туулган.
Эсенбүбү Нурманбетова 1987-1988-жылдары Москвада Чоң театрда билимин өркүндөтүп, СССРдин эл артисти, профессор Лисициандын классында сабак алган. Вокалдык искусствонун устаттык жолун улап, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда жеке ырдоо бөлүмүндө жаштарды тарбиялап, иштеп келген. (ZAj/KR)