ИИМ: Жол кырсыгынан кайтыш болгон милиционердин окуясы иликтенүүдө
![ИИМ: Жол кырсыгынан кайтыш болгон милиционердин окуясы иликтенүүдө](https://gdb.rferl.org/12868000-C3D9-4708-BCAC-8FAD3115BB9E_w800_h450.jpg)
Жол кырсыгынан улам кайтыш болгон милиция кызматкери боюнча факт терең иликтөөгө алына баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
2019-жылдын 10-январында болжол менен саат 01:00 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт айлампа жолунан он алтынчы чакырымынан автоунаа адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган кезде белгисиз айдоочу автоунаа менен батыштан чыгышты көздөй баратып, жолдон белгисиз, азиат улутундагы, жашы болжол менен 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган.
Натыйжада жөө жүргүнчү алган ар кандай жаракаттарынан улам жол кырсыгы болгон жерден жан берген.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында белгисиз жөө жүргүнчүнүн өздүгү такталып, ал Нарын ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын улук ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги, 37 жаштагы Күнболот Касымалиев экендиги аныкталды. (KR)