“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандардын иши кайра каралышы мүмкүн
![“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандардын иши кайра каралышы мүмкүн](https://gdb.rferl.org/692513C8-3174-4892-8D34-D5F3A9365392_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
“Мегаком” соода маркасы менен таанымал “Альфа Телеком” уюлдук компаниясынын мурдагы жетекчилери Азамат Мурзалиев, Алмаз Абеков жана Кенжебек Аман уулунун иши кайра каралышы мүмкүн. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, иш жаңы кабыл алынган кодекстердин негизинде каралышы ыктымал. Бул боюнча документтер прокуратурага тапшырылды.
- Иш жаңы ачылган жагдайлар менен эмес, жаңы кабыл алынган кодекстердин негизинде каралат.
Апрель ыңкылабынан соң мамлекет улутташтырылган “Альфа Телеком” ишканасынын жетекчилерине 2012-жылдын башында кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аларга «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган.
Сот чечимине ылайык, Алмазбек Абеков “кылмышты легалдаштыруу”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “алдамчылык” беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен жалпысынан 25 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекеттин эсебине 91 миллион 937 миң сом төлөп бериши керек. Азамат Мурзалиев “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “алдамчылык” беренелери боюнча жалпысынан 12 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле “Альфа Телекомдун” мүлкүнө зыян келтиргени үчүн 22 миллион 284 миң сом төлөп бериши керек деген өкүм чыккан. Аман уулу Кенжебек “Алдамчылык” жана “Кылмыш далалаты” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга кесилген. Абеков менен Мурзалиев абакта калып, Аман уулу мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошогон.
1-январдан тартып Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган. (КЕ)