Египетте «Эки бала жетиштүү» деген программа башталды
Египет бийлиги үй-бүлөнү туура пландоо боюнча «Эки бала жетиштүү» деген атайын программа баштады. Ал 100 миллионго чукулдап бараткан өлкө калкын ооздуктоого багытталган. Статистикага караганда, Египет калкы жыл сайын 2,6 миллион адамга көбөйүп жатат. Бул таза суу тартыш, жумуш орундары жетишпеген өлкө үчүн абдан чоң көрсөткүч. Президент Абдел Фаттах ас-Сиси буга чейин террорчулук менен калктын өсүшү Египет үчүн эки чоң кооптуу жагдай экенин белгилеген.
Бир нече жыл мурда АКШнын колдоосу менен атайын өнөктүк жүргүзүлүп, өлкөдө төрөттүн коэффициенти 2008-жылы кыйла төмөндөгөн. Быйыл АКШ кайра жардамга келип, беш жылдык долбоорго 19 миллион доллар бөлүп берди. Анын алкагында аялдар атайын окуудан өткөрүлүп, бойго бүтүрбөөчү каражаттар бекер таркатылат.