Казакстан: Аскар Мамин премьер-министр болуп дайындалды
![Казакстан: Аскар Мамин премьер-министр болуп дайындалды](https://gdb.rferl.org/3440C287-2CE2-428C-8EAB-30AE7AE5F1DD_cx0_cy3_cw47_w800_h450.jpg)
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында премьер-министрлик кызматка Аскар Маминдин талапкерлигин көрсөтүп, депутаттар аны колдоп беришти.
Аскар Мамин 21-февралда кызматтан кеткен мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаевдин биринчи орун басары болуп иштеген. Сагинтаев кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткара баштаган.
Аскар Мамин 53 жашта. Өкмөткө келгенге чейин "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясын, Астана шаарын, Транспорт жана байланыш министрлигин жетектеген.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда мурдагы өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыздай алган жок, министрлер эл менен иштей албайт» деген сын менен кызматтан кетирген.
Бакытжан Сагинтаев башында турган өкмөт эки жарым жылга жакын иштеди.