Путин армияда смартфон колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койду
![Путин армияда смартфон колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койду](https://gdb.rferl.org/4700BFCA-C145-4773-A5DA-CF44855B244A_cx0_cy4_cw0_w800_h450.jpg)
Орусиянын президент Владимир Путин аскер кызматкерлерине жана жоокерлерге кызмат маалында телефон колдонууга, маалыматты жазып алууга, сактоого, Интернетке туташкан жабдыктарды пайдаланууга тыюу салган мыйзамга кол койду.
Мамлекеттик Думада мыйзам долбоорун 408 депутат колдоп, эч ким каршы болгон эмес.
Ошондой эле аскерлерге кызматынын өзгөчөлүгү жана мурун бирге жүргөндөр, туугандары тууралуу маалыматты журналисттерге берүүгө, Интернетке жазууга тыюу салынат.
Социалдык сайттардагы мындай мүнөздөгү посттордун жардамы менен башка маалыматтар белгилүү болгон. Журналисттер соцтармактардагы маалыматты карап отуруп, орусиялык аскерлердин 2014-жылы Украинада, 2015-жылы Сирияда жүргөнүн таап чыгышкан. Ошондой эле журналист иликтөөчүлөр соцсайттардагы маалыматты 2014-жылы Донбасста малайзиялык «Boeing» учагын орустардын «Бук» комплекси атып түшүргөнүн көрсөтүш үчүн колдонушкан.
Укук коргоочулардын пикиринде, мыйзам кабыл алынса, бул орус армиясындагы өкүмзордукту күчөтүшү мүмкүн.