Кыргыз-орус президенттери кызматташуунун жолдорун кеңири курамда кароого өттү
![Кыргыз-орус президенттери кызматташуунун жолдорун кеңири курамда кароого өттү](https://gdb.rferl.org/53306AFF-6EFE-44BC-83DC-8CCB39FFC243_w800_h450.jpg)
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги менен кыргыз жана орус өкмөт өкүлдөрүнүн кеңири курамдагы жолугушуусу болду.
Анда Жээнбеков алдыда тар чөйрөдө жолугууда айткандай эле, Орусиянын Кыргызстанга берип жаткан экономикалык, инвестициялык жана башка багыттагы жардамына ыраазычылык айтты.
Сөз алган Владимир Путин да Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-алакага көңүл бурулуп жатканын айтып, эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү көбөйүп жатканына токтолду. Ал өзүнүн иш сапарынын алкагында келген орусиялык жогорку окуу жайларынын ректорлору, аскердик мекеме жетекчилери жана ишкерлер кыргызстандык өнөктөштөрү менен жемиштүү макулдашууларга жетишүүгө аракет кыларын билдирди.
Мунун алдында эки президент тар чөйрөдө кезикти. Бир аздан соң документтерге кол коюу башталат. Жалпысынан 30дай макулдашуу жана келишим кабыл алынары айтылды.
28-мартта Бишкекке келген Владимир Путиндин мамлекеттик сапары бир күнгө созулаары кабарланды. (ErN)