Украина: шайлоодогу эреже бузуулар боюнча 1600дөй арыз түштү
![Украина: шайлоодогу эреже бузуулар боюнча 1600дөй арыз түштү](https://gdb.rferl.org/914851C0-7612-40EC-A574-AFDE06DA4EAB_w800_h450.jpg)
Украинадагы президенттик шайлоо учурундагы түрдүү мыйзам бузуулар боюнча кеминде 1600 арыз-даттануу келип түштү. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги добушканалар жабылаарына эки сааттай убакыт калганда билдирди.
Добушканалардын жанында үгүт жүргүзүү, добуш сатып алууга аракет кылуу жана бюллетендерди сүрөткө тартуу шайлоо учурундагы кеңири тараган эреже бузуулар катары мүнөздөлдү.
Өлкө аймагында миңдеген шайлоо бекеттеринин коопсуздугун 39 миңдей полиция кызматкери камсыздап жатышат.
"Евромайдан" окуяларынан бери экинчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоого рекорддук сандагы талапкерлер же 39 киши ат салышууда. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Эгер бир да талапкер 50 пайыздан көп добуш топтой албай калса, анда 21-апрелде экинчи тур өтөт.