Амазон: Безостун уюлдук телефонуна саудиялыктар чабуул койгон
![Амазон: Безостун уюлдук телефонуна саудиялыктар чабуул койгон](https://gdb.rferl.org/92284FC9-6914-4987-993D-8736A9C92627_w800_h450.jpg)
"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Жефф Безостун жеке каттарына жасалган чабуулга Сауд Арабиянын тиешеси бар экенин аталган ишкананын коопсуздук боюнча кеңешчиси Гэвин де Беккер айтты.
30-мартта "The Daily Beast" басылмасында жарыяланган билдирүүдө "биздин иликтөөчүлөр жана бир нече адистер саудиттер Безостун телефонунан жеке маалыматын алышкан деген терең ишенимде" деген Беккердин сөздөрү келтирилген.
Безостун тапшырмасы менен миллиардер менен теле алып баруучу Лоран Санчестин ортосундагы жеке сүрөттөрдүн жана каттардын чыгып кетишин иликтеген Де Беккер хаккердик чабуулду журналист Жамал Хашогжинин өлүмүн чагылдырылышы менен байланыштырды. Безоско караштуу "Вашингтон пост" басылмасы саудиялык журналисттин өлтүрүлүшү тууралуу байма-бай жазып турган.
Хашогжи былтыр октябрь айында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигине кирген бойдон чыккан эмес. Башында Саудия бийлиги журналист дипломатиялык өкүлчүлүктөн аман-эсен чыгып кеткенин билдирген. Бирок кийинчерээк Эр-Рияд журналист элчиликтин имаратында өлтүрүлгөнүн мойнуна алган.