«6-апрелди жек көрөм...»
![«6-апрелди жек көрөм...»](https://gdb.rferl.org/9a3a6344-8432-4476-a272-b0204c13fef5_tv_w800_h450.jpg)
2010-жылдагы апрель окуяларына быйыл тогуз жыл толду. Ал күнү жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылган. 6-апрелде Талас районунун тургуну Нурлан Рыскуловго эки ок тийген. Каргашалуу окуядан кийин бир топ жыл ооруп жүрүп, 2013-жылы 37 жашында кырсыктан каза тапкан. Маркумдун жубайы Тамара Рыскулова апрель ыңкылабын, күйөөсүнүн тагдырын ый аралаш эскерди.